Айгыр салсаң үндүүдөн сал, кочкор салсаң—жүндүүдөн сал.Айгыр учунса—ат болот, ат учунса эт болот.Айгырды кандай салсаң,ошондой минерсиң.Айгырдын жаманы, ат качырат.Айгыры ала болсо, кулуну кула болот.Айгыры көпүйүрдүнкажышканы көп болот,кулуну аз болот.Айда айыл болбойт, күндөкоңшу болбойт.Айда жеген ток болот, күндөжеген сук болот.Айда туусам—айда жок, күндөтуусам—күндөжок.Айдабай аштык чыкпайт,үйрөнбөй билим жукпайт.Айдаган малы баалууболсо, ажааты чыгаткербендин.Айдаган малы баалуу болсо, кербендин атагы чыгат(же ажааты чыгат).Айдаганы беш эчки (же козулуу кой)—ышкырыгыташ жарат.Айдаганы бир эчки—ышкырыгы таш жарат.Айдагыңкелсе эгин, күздүн камын жазында жегин,жаздын камынкышында жегин.Айдайчырайыңды—иттей кыялыңбузат.Айдайкелден алтооөлдү,көрөкелден көпөлдү.Айдан го түңүлдүм, эми күн аман болгой экен.Айдап жүргөн алдымда, ит жеминдей олжом бар.Айдап кел менен байлап кел, катаал кандынбуйругу.Айдап тургузган да бийлик, ийрип жаткызганда бийлик.Айдарым жел сылапөтөт, керимсел желсыйрыпөтөт.Айдасаңкабат арпаны, максымга жакшы талканы.Айды этегиңменен жаба албайсың.Айды этек менен жаба албайсың,байлыкты бекержерден таба албайсың.Айды этек менен калкалай албайсың.Айдын да темгили бар.Айдын жанында булуттун баркы жок, байдынжанында жардынын баркы жок.Айдын жарыгында жүргөнчө,күндүн көлөкөсүндөжүр, чубуттун жолдошу болгончо, арыңдынберекесинде жүр.Айдын жарыгында жүргөнчө,күндүнкөлөкөсүндөжүр.Айдын жарымы—жарык, жарымы—караңгыАйдын жарымы (теңи)—жарык, жарымы (теңи)—караңгыАйдын он беши—жарык, он беши—караңгы.Айдын он беши жарык, он беши караңгы.Айдын теңи (же жарымы) жарык, теңи (жежарымы) караңгы.Айкалышып уктасаң,ай жарыгытүн кызык.Айла—алтоо, акыл—жетөө.Айлаңарыстанды кармайт, күчүңчычкандыкачырат.Айлакерге даба жок.Айланайын айдайым, алты карын майдайым,кындуу шибегеңди сактай көр.Айланайын бакыраңкөз, сен мага тийбе, мен сагатийбейин.Айланайын кудайга, сен эмес, ак эшен келгенбуудайга.Айланайын молдоке, катын алып берсең,канаке.Айларды айландырган, жылдарды да жылдырат.Айласы кеткен «өлбөжаным,өлбө»дейт.Айласы кеткен ары карап ыйлайт, берикарап күлөт.